Биз менен байланышыңыз

Кыргыздын эркек сөрөйлөрү тууралуу эки ооз сөз

Блог | 25 Фев 2020 | 3235 | 1

«Чочоңу көрсөтүп койчу кана?!»деген сөздөр менен башталат эркек сөрөйдүн жашоосу биздин менталитетте. Төрөлгөндөн баштап, өзү уялып көрсөтпөй калганга дейре үй калкы жапырт ошонун чочосу менен сыймыктана, келген-кеткенге мактанып калышат. Анан бир күн ал эркек сөрөй чоңоюп, ал жагын көрсөтө албай калганда, короздонуп башка өнөрлөрүн көрсөтө баштайт. Рогатка менен атып өлтүргөн кушту, мектепте «атаман» болуп сабап койгон баланы, мушташта жыртып келген кийимди, сабактан алган экини… Ансайын сыймыктанышып, «Жигит болсоң шок бол, шок болбосоң жок бол» деп далысын таптап алдыга сүрөп коюшат. Өзүн сезген жигиттин гүлү бара-бара жандаган кыздардын тизмегин, кийген кийимдерин, атасы алып берген машинени көрсөтөт. Эки ооз сөздү кураштырып сүйлөсө жакшы, болбосо оозуна ак ит болуп кирип, кара ит болуп чыккан сөздөрүн көрсөтөт. Үйүндөгүлөр баягыдай эле жапырт сүрөп «Чекесинен чертип тандап ал, кыз деген толуп атат», —  деп колдоп-коштоп жигиттеги өз ишенимин асманга учурушат. Андан бетер барбаңдаган эме үйлөнүп, алды 500, арты 1000 кишиге тоюн көрсөтөт. Үйлөнүп эле жоопкерчиликти сезсе жакшы, болбосо эркектигине таянып, аялын көзгө илбей көчөлөп оюн көрсөтөт, жетимиштен ашык өнөрүн көрсөтөт. Ой тобоо, ошондо да ата-энеси «Эркек деген басат» деп аялды жектеп, күнөөлөп, «Эрди эр кылган аял»деп бардык жаманды аялдын мойнуна илип коюшат. Эптеп эле бир креслого отуруп алса, жарымын катып жеп, жарымын ачык жеп, элге кампайган курсагын көрсөтөт. Элине көрбөгөн күндү көрсөтөт.

«Айта берсең сөз көп» демекчи, бул жомок эмес, бул биздин менталитеттеги эркектин кыскача өмүр баяны.

Айланайын энелер! Ошол кыздардын жашоосун талкалаган зордук — зомбулукчулар, аёосуз мыкаачылар, аялды бир грамм сыйлабай уруп-соккондор, көчөдө түкүрүнүп-какырынып, сөгүнүп сүйлөгөндөр, элди талап- тоногондор, уятты билбегендер кайдан чыгат дейсиз? Баары ошол чочосун көрсөткөндөн чыгат!

Балаңызга ар намысты, илимди-билимди, сыйды, урматты, тарбияны көрсөткөндү үйрөтүңүзчү, сураныч! Башка эч нерсесин көргүбүз келбейт, ишенип коюңуз.

Балаңыз билимдүү болсун десеңиз — төрөлгөндөн баштап китеп окуңуз. Балаңыз сыйлуу болсун десеңиз — кичинесинен тарта пикирлерине маани бериңиз. Балаңыз маданияттуу болсун десеңиз — өзүңүздү маданияттуу алып жүрүңүз. Жасаган жакшы иштерин, жетишкен ийгилигин мактаңыз. Чечкиндүү болсун десеңиз, бала кезден тандоо укугун бериңиз. Эркек балага деле үй иштерин үйрөтүңүз. Байпагын өзү жууса, тамагын өзү жасап жесе, отурган жерин тазалаганды билсе, эч жери кем болбойт. Чыныгы эркекти тарбиялап, эр жигит кылып өстүрүү — өтө кыйын иш. Бирок, учурда коом дагы, өлкөбүз дагы ошондой азаматтарга муктаж болуп турат.

Асел Кутманбекова (@ene_jana_nariste)

***Автордун пикири редакциянын көз карашын чагылдырбайт

Copyright © 2017 Maral FM