Марал Радиосу

Жогорку сот укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кассациялык арызын карап жатат

Жогорку сот ушул тапта укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кассациялык арызын карап баштады. Бул тууралуу Жогорку соттун өкүлү билдирди. Учурда процесске аккредитациядан өткөн маалымат каражаттары да киргизилген.

Кассациялык арыз Чүй облустук сотунун 2016-жылы 29-январда чыгарган чечимине карата берилген. 2016-жылы 24-январда Чүй облустук соту Азимжан Аскаровдун ишиндеги жаңы ачылган жагдайларды карап, 2010-жылкы Базар-Коргон райондук сотунун «өмүр бою эркинен ажыратылсын» деп чыгарган өкүмүн күчүндө калтырган.

Жалал-Абаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылдагы июнь коогалаңын уюштуруучулардын бири катары айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган.

Былтыр 2-декабрда Жогорку сот жалалабаддык укук коргоочу Аскаровдун кассациялык арызын карап, «Массалык башаламандык уюштуруу» беренеси боюнча жаза мөөнөтүн азайтып, «Улутуна карап киши өлтүрүү» беренесин «Киши өлтүрүүгө» алмаштырган.