Марал Радиосу

Профсоюзчулар Асанакуновдун кетишин талап кылып кайрадан митингге чыгышты

Бүгүн, 25-февралда Профсоюзчулар кайрадан тынчтык митингине чыгышты. Алар Профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакуновдун кызматынан кетишин талап кылышууда. Митинге 300гө жакын адам катышууда.

2017-жылы Профсоюздар федерациясынын төрагасы болуп шайлангандан бери Мирбек Асанакунов азыркы учурга чейин өз ишин билбей турганын айтышып, кызматтан кетишин талап кылышууда.

Учурда нааразычылыгын билдирип жаткандардын төртөө ачарчылык жарыялаганын да билдиришти.

Эске салсак, Профсоюздар федерациясынын айланасындагы маселе 3 жылдан бери токтобой келет.