Марал Радиосу

Өкмөт логистикалык борбор боюнча инвестордун 43 млн сомун кайтарууга даярданууда

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы индустриалдык-соода-логистикалык борбордун курулушу боюнча долбоор жабылды. Өкмөттүк Аппарат 17-февралда Ат-Башы районунун жашоочуларынын бир бөлүгүнүн элдик жыйынынын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган резолюцияга жооп катары төмөнкүлөрдү билдирди.

Ат-Башы районунун калкынын бир бөлүгү бул долбоорду аткарууга каршы болгондуктан, аны мындан аркы ишке ашырууну токтотуу жана долбоорду башка рынокторго багыттоо чечими кабыл алынды. «Нур Строй Монтаж» жоопкерчилиги чектелген коому жана «One Lead One Trading Limited» компаниясынын ортосундагы «Нарын» эркин экономикалык аймагында индустриалдык-соода-логистикалык борборду куруу тууралуу келишим жокко чыгарылды.

Учурда Өкмөт 200 га жерди трансформациялоо жөнүндө токтомун жана бул аймакты «Нарын» ЭЭАга берүүдөн баш тартуу жөнүндө буйругун жокко чыгаруу процесси даярдалууда. Кабыл алынган чечим тууралуу кошумча кабарланат.

Бүгүнкү күндө Өкмөт индустриалдык-соода-логистикалык комплекстин курулушу үчүн берилген жерде айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын ордун толтуруу үчүн инвестор тарабынан бөлүнгөн 45 млн сомго жакын өлчөмдөгү финансы каражаттарын кайтарууга даярданууда.

Exit mobile version