Марал Радиосу

Наркозат менен шугулданган туруктуу канал жок кылынды

Мыйзамсыз нарко заттарды сатууга каршы кызматы баңги заттарын саткан каналдын жолун бууду. Бул тууралуу аталган мекеменинин маалымат кызматы билдирди.

Мекеменин Чүй облусу боюнча бөлүмү Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан нарко заттарды туруктуу ташып турган топту колго түшүрдү.

Февраль айында Бишкекте нарко заттарды саткан топту түзгөн шектүү кармалган. Анын жанынан 2 кг 150 гр гашиш алынган. Шектүү 1971-туулган жаран экени, бир нече жолу соттолгону, товарды Чүй облусуна сатуу үчүн алып баратканы маалым болгон.

Мындан сырткары, бул топтун башка мүчөлөрү да колго түшүрүлгөн. Алардын ичинен 1972-жылы туулган И.К. жана 1992-жылы туулган Н.у.Ж аттуу шектүүлөрдүн үйүн тинтүүгө алганда 1,3 кг салмактагы гашиш алынган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.