Марал Радиосу

Кыргызстан менен Тажикстан 23 гектар жерди алмашуу боюнча макулдашты

Кыргызстан менен Тажикстандын вице-премьер-министрлери Акрам Мадумаров менен Азим Иброгим жетектеген чек араны делимитациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жумушчу жыйыны 22-февралда Баткен облусунда болду.

Аталган жолугушууда тараптар биринчи жолу кыргыз-тажик чек арасындагы аныкталбаган аймактагы 23 гектар жерди алмашуу боюнча макулдашкандыгын «Азия-Плюс» жазды.

Ошентип, чек ара аймактарында эки мамлекеттин ортосунда узакка созулган талаш-тартыш маселеси чечилүү жолуна түштү деп айтууга болот.

Бирок, ошол эле учурда кайсы аймактардын алмаштырыла тургандыгы айтылган эмес.

Мындан сырткары, Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун 2020-жылга кызматташуу иш-чараларынын планы бекитилген. Аталган маселе боюнча кезектеги жолугушуу ушул жылдын март айынын аягында болмокчу.