Марал Радиосу

Улукбек Жолдошбеков Азия чемпиону болду

Кыргызстандык эркин күрөшчү Улукбек Жолдошбеков Индияда өтүп жаткан Азия чемпионатында алтын медаль утуп алды. Ал Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан мелдеште финалда тажикстандык Мухаммад Икрамовду далысын тийгизип, таза артыкчылык менен утту.

Улукбек Жолдошбеков финалга чейинки этапта казакстандык Нурболат Абдуалиевди, чейрек финалда ирандык Мажид Алмаз Дастанды, жарым финалда индиялык Рахул Баласахебди жеңип алган.

Жолдошбеков быйыл эле U23, жаштар арасындагы мелдеште дүйнө чемпиону болгон.

18-23-февраль күндөрү Индияда өтүп жаткан Азия чемпионатында 22-февралда кыргызстандык эркин күрөшчү, балбан Арсалан Будажапов Азия чемпиону болуп, алтын медаль уткан.