Марал Радиосу

Улукбек Жолдошбеков Азия чемпионатында финалга чыкты

Кыргызстандык эркин күрөшчү балбан Улукбек Жолдошбеков Азия чемпионатынын финалына чыкты. Алтын байге үчүн финалда ал тажикстандык балбан менен күрөшөт.

Ушул күндөрү Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан биринчиликте 61 килограммга чейинки салмакта ат салышкан Улукбек Жолдошбеков буга чейин 3 спортчуну жеңип өттү. Ал Казакстан, Иран жана индиялык атаандаштарын багынтып, финалга жолдомо алды.

Финал Бишкек убактысы менен саат 18:30да башталат.

Ал эми 92 килограммдык салмакта чыккан Чыңгыз Керимкулов коло медаль үчүн күрөшмөкчү.