Марал Радиосу

Асеин Исаев Индияга, Бангладешке да элчи болду

Асеин Исаев Кыргызстандын Бангладештеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү Жарлыкка президент  Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Индия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Исаев Асеин Кусеинович Индия Республикасынын Нью-Дели шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Бангладеш Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.