Марал Радиосу

Бишкекте милициянын унаасы жол кырсыгына кабылды

Бишкекте Патрулдук милициянын унаасы жол кырсыгына кабылды. Окуя кечээ түнкүсүн баш калаанын Байтик баатыр менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Күбөлөрдүн айтымында, кырсыктан милициянын унаасы катуу жабыркаган. окуянын чоо-жайы белгисиз.

Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башка башкармалыгынын Бишкек шаардык бөлүмү бул боюнча комментарий бере элек.