Марал Радиосу

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу «Достук» ордени менен сыйланды

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгуну «Достук» ордени менен сыйлады.

Мындай бийик даражалуу сыйлык Орусиянын министрине Кыргызстан менен Орусия Федерациясынын ортосундагы аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыйгарылган.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.