Марал Радиосу

Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатынан коло байге утту

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Индияда өтүп жаткан Азия чемпионатынан коло байге утту. 62 кило салмакта күч сынашкан Айсулуу үчүнчү орун үчүн кармашта индиялык Сонам Сонам’ды 11:0 эсебинде таза техникалык артыкчылык менен утуп алды.

Дүйнө чемпиону Тыныбекова мелдештеги алгачкы эле беттешинде япониялык Юкако Каваиге жеңилип калган. Беттеште эсеп 1:1 Айсулууну пайдасында болуп, бүтөрүнө 5 секунд калганда Каваи килемдин четинен 4 баллдык ыкма жасап кетти.

Талаш жараткан бул эпизод кайра каралып (Challenge), калыстар япон кызынын пайдасына чечишип, дагы кошумча бир балл беришти.  Беттеш 6:1 эсеби менен жыйынтыкталды.

Каваи мелдештин финалдык баскычына чыгып, казакстандын Аяулым Кассымованы утуп, чемпион болду.

Эске сала кетсек, өткөн жылдагы Азия чемпионатынын финалында Айсулуу Тыныбекова Юкако Каваини жеңип чемпион болгон.