Марал Радиосу

Кыргызстандын аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 20-февралда саат 21:51де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чок-Тал, Тамчы айылдарында 3 балл, Өрнөк, Чырпыкты, Чоң-Сары-Ой айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.