Биз менен байланышыңыз

Президент шайлоодогу 9%дык чек боюнча пикирин айтты

Кыска кабар | 20 Фев 2020 | 1592 | 1

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоодогу 9%дык чек боюнча өз пикирин билдирди. Ал парламентте сүйлөп жатып, аталган чек депутаттар тарабынан кабыл алынганын эске салды. Азыркы учурда шайлоого катыша турган партияларда бул маселе талкууланып жатканын айтты.

-9%ды демилгелегендердин оюн эске алсак, негизги аргумент партияларды ирилештирүү максатында болгон. Ооба, мындай зарылдык бар, бирок буга саясий күчтөр даярбы, маселе ушунда болуп турат. Коомчулуктагы талкуу көрсөткөндөй, саясий күчтөр, партиялар, партия лидерлери буга даяр эмес. Жашырганда эмне? Элибизде: “Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт”, — деген жакшы сөз бар. Бизде ар бир саясатчы өзүн лидер катары тааныйт. Ошондуктан партияларды ирилештирүү биздин саясатчылар үчүн али эрте экени көрүнүп турат.

Президент 7%дык босого упай буга чейин басып өткөн жол экенин кошумчалады. Босого балл боюнча мыйзам долбоору талкууда экенин, аны депутаттар кылдат карашы керектигин да айтты. Ошондой эле Жээнбеков президент катары бардык партияларга бирдей мамиле кыларын белгиледи.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңеш парламенттик шайлоодогу чекти 7%дан 9%га өзгөртүү боюнча мыйзам кабыл алган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM