Марал Радиосу

Жээнбеков: Соттук системаны өзгөртүү үчүн эрк жана каражат бар

«Бизде саясий эрк бар. 2019-жылы көптөгөн каршылыктарга карабай соттук-укуктук реформаны ишке ашыра баштадык. Сот системасына каражаттарды 38%га көбүрөөк бөлдүк. Санариптештирүү эң алдыңкы технологиялар менен турмушубузга аралашып баштады. Биз айтылган убадаларыбызды аткарып жатабыз».  Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө билдирди:

«Сотторго ар кандай жыйындарда  «Биринчи адамдык абийириңерди, ички ыйманыңырды козгогула» деп айтып жатам. Ошондо гана соттук реформа ийгиликтүү ишке ашат«, — деди өлкө президенти.

Ошондой эле, президент соттук системаны өзгөртүү үчүн эрк жана каражат бар экендигин дагы бир жолу эскертип өттү.