Марал Радиосу

Абылгазиев: Өкмөт мындан ары да өлкөгө ири инвесторлорду тартууну улантат

Өлкө тарыхында алыскы районго соода-логистикалык борборун уюштурууга миллиондогон доллар салууга ниеттенген ири инвестор мамлекеттин эч кандай кепилдигисиз алгачкы ирет келди. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бизнес-түзүмдөрдүн жана донордук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда айтты.

Өкмөт башчынын айтымында, инвестор өзүнө бир нече милдеттерди алган. Долбоор 15 миң жумуш орунун түзмөк, алдыңкы жогорку технологиялык өндүрүш киргизилип, бюджетке ири көлөмдөгү акча которулмак, жергиликтүү бюджеттер үчүн гана эмес, жалпы эле ата мекендик экономика үчүн дагы мааниси чоң болчу.

—  “Өкмөт бардык пайданы жана инвестордун милдеттерин кылдаттык менен аныктап, бул долбоорду ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн бардык шарттарды түзүүгө аракет кылды. Дал ошол үчүн, мамлекет тараптын эркин жана толук колдоосун сезгендиктен, инвестор ири масштабдуу курулуш иштерине даярдык көрүп, долбоорду ишке ашыруунун активдүү фазасына киришкен.

Бирок учурда жергиликтүү эл менен мамиленин жасалма түрдө бузулушунан улам компания долбоордон чыгууга аргасыз болуп жатканын билдирди. Биз сырттан таңууланган жана нарындыктардын кызыкчылыктарына каршы келген бул пикир жалган, ушак жана фейк маалыматтарды таратуу аркылуу активдүү жайылтылган деп ишенебиз”, — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, бүгүнкү күндө түзүлгөн кырдаал инвестицияны коргоо чөйрөсүндө, өзгөчө жергиликтүү эл, баарынан биринчи жаштар менен өз ара кызматташуудагы иштөөнүн айрым принциптерин кайра карап чыгуунун зарылдыгы бышып жетилгенин ачык эле көрсөттү.

Өкмөт мындан ары да өлкөгө ири инвесторлорду тартууну уланта бермекчи жана Кыргызстанда ишкерлик жүргүзүү үчүн шарттарды түзөт.