Марал Радиосу

Блогер Сыдыман эки айга камалды

Октябрь райондук сотунун чечими менен блогер Элмир Сыдыманов (Sydyman) №1 убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматы билдирди.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында ал 2 ай камакта болот.

Элмир Сыдыманов Жазык кодексинин 313-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) боюнча 17-февралда камакка алынган болчу.

Эскерте кетсек, блогер буга чейин «Инстаграм» баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, түндүк-түштүк маселесин козгоп, анын айткандары коомчулукта нааразычылыктарды жараткан.