Биз менен байланышыңыз

Тажик бийлиги генерал Навджувонов боюнча билдирүү таратты

Кыска кабар | 18 Фев 2020 | 5955 | 2

Тажикстандын бийлиги Согди облусунун ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) башчысы генерал Абдулло Навджувоновдун Баткен аймагы боюнча айтканы тууралуу расмий позициясын айтты. Тажикстандын Тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин генералдын айткандары расмий Душанбенин позициясы эместигин айтат.

Согди ОИИБнын башчысы, генерал Абдулло Навджувоновдун айткандары анын жеке пикири. Ал бул сөздөрдү расмий жыйында айткан жок. Ошондуктан анын Баткен аймагы Кыргызстандыкы болгон эместиги тууралуу айтканы расмий Душанбенин позициясын билдирбейт.

Биздин чек ара боюнча расмий позициябыз эки тараптын Өкмөттөр аралык комиссиясынын отурумунда айтылат. Чек ара боюнча эки тараптуу комиссиянын жетекчиси катары саналган Премьер-министрдин орун басары же Тышкы иштер министрлиги гана Тажикстандыын расмий позициясын билдире алат, — дейт Тажикстандын ТИМ министри Сироджиддин Мухриддин.

Эскерте кетсек, бир апта мурда коңшу өлкөнүн Согди облусунун ОИИБнын башчысы Абдулло Навджувонов кызматына киришкен алгачкы эле маалымат жыйынында «Баткен аймагы илгери Кыргызстанга тиешелүү болгон эмес. Аларды Менин ата-бабаларым алып келген», — деген маанайдагы билдирүү жасаган.

Буга карата кыргыз коомчулугу тарабынан катуу нааразычык жаралган. Тажикстандын элчиси Тышкы иштер министрлигине чакырылып, нота тапшырылган.

Бүгүн, 18-февралда жарандык активисттер Тажикстандын Бишкек шаарындагы элчилигинин жанына нааразычылык акциясына чыгышты.

2 пикир

2 пикир

  1. Бурмагул Исмаилова

    18.02.2020 19:55

    Ал ошол генералдын жеке пикири болобу же кандай пикири болот ага барыбир чара корулушу керек тажик олкосунун тиешелуу органдары жетекчилиги тарабынан.Генералдын жеке пикири деген жооп менен эле кала беруусу кимди канааттандырат же болбосо генералбы же карапайымбы кимиси болбосун оозуна келгенди оттоп башка олконун жери жана эли жонундо оюна келгенди суйлоп эки элдин ортосунда келишпестикти карама каршылыкты кучото турган создорду айттып эл аралык мамлекеттер аралык чыр чатактын чыгуусуна себепчи болгондугу учун жооп бериш керек жага андай чагымчылдарга кандай чара корулгонун официалдуу жонотуп жарыя кылыш керек. Анткени азыр ал создон кабар тапкан кыргыз аттуунун баарысынын кыжыры кайнап турган чагы го деп ойлойм.

  2. Абдусалам

    19.02.2020 11:48

    Генерал тажик мамлекетинин кишиси болгондон кийин кандайча жеке пикири болот, ал суйлогон сразу демку тажик окмотунун позициясын билдирет

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM