Марал Радиосу

Кыргызстан Кытайга гуманитардык жардам жөнөттү

Короновирустун жайылышына каршы аракеттерге колдоо көрсөтүү үчүн Кыргызстан Кытайга гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жүк Кытай тараптын суроо-талабына ылайык даярдалды (антисептикалык жана зыянсыздандыруучу каражаттар,жеке коргоочу медициналык краажаттар). Жүктүн салмагы жалпысынан 7 тоннаны түзөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги гуманитардык жардамды белгиленген жерге, тагыраак айтканда, “Торугарт” көзөмөлдөө өткөрмө пунктуна чейин жеткирди.