Биз менен байланышыңыз

Байпактан башка да белек бар. 23-февралда эркектерге эмне берсе болот?

Блог | 22 Фев 2021 | 7850 | 1

23-февраль — Ата Мекенди коргоочулардын күнү. Мурда советтик Армиянын күнү деп белгиленип келген 23-февраль, Кыргызстан эгемендик алгандан кийин Ата Мекенди коргоочулар күнү деп аталып, бул күн майрам катары эс алуу күнү катары жарыяланган. Ал эми Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн күнү 29-майда майрамдалат.

СССР тарагандан кийин бара-бара 23-февраль Кыргызстанда мырзалардын майрамы катары эсептелип баштады. Ошондуктан бул күн жакындаган сайын айымдарда эркектерге эмне белек кылсам деген ой жаралат. Эсиңиздерде болсун, белек кандай болбосун жүрөктөн чыкса, ал сөзсүз бааланат. Ал эми башкалардыкына окшошпогон өзгөчө белектер бул күнү маанилүү орунда турары да анык. Белек сөзсүз кымбат болушу керек эмес. Негизгиси, сиздин сүйүктүүңүзгө көңүл бөлүү жана күтүүсүз өзгөчө белек маанилүү.

Төмөндө кандай белек кылса болоруна карата айрым кеңештерди сунуштайбыз:

Гаджеттер

Технология биздин жашообузду оңойлоштуруп, учурда баары муктаж болгон буюмга кирет. Ошондуктан гаджет – кандай майрам болбосун эң ыңгайлуу жана пайдалуу белек болуп саналат.

Сунушталуучу буюмдар:

  1. Bluetooth-наушниктер – унаа айдаган, убактысын чаташкан зымдарды оңдоого кетиргиси келбеген мырзалар үчүн мыкты белек;
  2. Акылдуу сааттар – учурда трендде болгон буюмдардын катарында;
  3. Power bank – ар дайым кереги тие турган пайдалуу буюм;
  4. Чехол – жыгачтан жасалган же белек кыла турган адамыңыздын сүйгөн командасын, баалаган нерсесинин сүрөтүн түшүрүп берсеңиз жагымдуу болот.

Атайын купондор

  1. Тажрыйбалуу укалоочунун 1 курстук массажы. Көпчүлүк эркектерге мындай белек 100% жагат;
  2. Спорт залга, бассейнге же саунага бир айлык же андан көп айлык жолдомо;
  3. Спорттук кийимдерге, сүйгөн бренддерине купондорду белек кылсаңыз болот;
  4. Ок атуу, плэйстэйшн оюнундарына пайыздык арзандатуулар менен сертификат;
  5. Учурда баарын кызыктырып турган лыжага да жолдомо берсеңиз болот.

Китеп

Image result for Книга

Жакын адамыңыз китепти баалап, сүйүп окуй тургандардан болсо, тренд болуп жаткан же дүйнөлүк классикага айланган китептерди, ар бир үйдө турушу керек болгон тарыхый китептерди берсеңиз болот.

Парфюмерия

Image result for парфюм для мужчин

Жыпар жыттуу атыр белек кылсаңыз да болот. Эске алчу жагдай анын оригиналдуулугу жана жагымдуу жыты болушу.

Негизи эле, эркектерге атыр тандаш абдан оор. Эгерде кандай түрүн тандайм деп башыңыз катып, кыйынчылык жаралса, жактырган компаниясына сертификат берсеңиз да болот.

Эс алуу

Эгер мырза дайыма жолдо жүрө турган болсо, анда ага «сумка-муздаткыч» же кичинекей термос белек кылсаңыз жакшы. Же ыңгайлуу спорттук бут-кийим алып берсеңиз болот.

Андан сырткары, үй-бүлөлүк эс алуу уюштуруп тоого чыгып келсеңиз болот. Балким, балык кармап, пикник уюштуруп дегендей.

Музыка сүйүүчүлөр үчүн

Image result for комузImage result for гитара аккордеон

Музыканы сүйгөндөр үчүн эңсеген аспабы табылгыс белек болору анык.

Хобби үчүн белек

Белек берүүчү жакын адамыңыздын кызматын жана хоббисин эске алыңыз. Балким, ал кандайдыр бир буюмдун коллекциясын чогултуп жүрөт. Мындайда жетишпеген бөлүгүн толуктоого себепчи болсоңуз, белек алуучу кубанбай койбойт. Андан сырткары, балким, башкача нерсе берип, жаңы хоббинин жаралышына түрткү болосуз.

Эркектерге белек тандоодо эмнелерге көңүл буруу керек?

  • Эң башкысы сапатсыз белектерден оолак болуңуз.
  • Текчеде чаң басып жатуучу белектердин кереги жок. Ага караганда пайдалуу боло турган, айрыкча, соңку убактарда кызыгып, жетпей жүргөн нерселерин тартуулоо жагымдуу маанай жаратат.
  • Эркектер аялдардын өз колу менен жасаган буюмдарын да жакшы баалайт. Эгерде колуңуздан келсе, жылуу свитер же моюн орогуч токуп берсеңиз да ашыкчалык кылбайт.
  • Майда бирок, маанилүү белектерди эске алып коюңуз. Мисалга алсак, компьютеринин эс-тутуму жетишпей жатса, балким, hard диск алып бересиз.
  • Анан, албетте, жагымдуу маанай жана даамдуу, өзгөчө тамак тартуулоону унутпаңыз.

 

Copyright © 2017 Maral FM