Марал Радиосу

34 жаштагы Акын Мамбеталиев Мамлекеттик каттоо кызматына жетекчи болду

Акын Мамбеталиев Мамлекеттик каттоо кызматына жетекчи болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Жаңы жетекчи буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орун басары болуп эмгектенип келген.

Мамкаттоонун мурунку төрагасы Алмаз Мамбетов кызматтан 13-февралда бошотулган болчу.