Марал Радиосу

ТИМ: Круиздик лайнердеги кыргызстандыктын абалы жакшы

An ambulance leaves a port where the quarantined Diamond Princess cruise ship is docked Sunday, Feb. 16, 2020, in Yokohama, near Tokyo. The U.S. says Americans aboard the quarantined ship will be flown back home on a chartered flight Sunday, but that they will face another two-week quarantine. (AP Photo/Jae C. Hong)

Жапониядагы карантинге алынган «Алмаз ханышасы» (Diamond Princess) круиздик лайнеринде жаңы коронавируска кабылгандардын арасында Кыргызстандын жараны бар экендиги буга чейин айтылган. Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады.

Кыргызстандын Япониядагы элчилиги Япониядагы кыргызстандыктар менен байланышып, тиешелүү иш чараларды алып барууда.

Ошондой эле, Кыргызстандын Япониядагы элчилиги 6-февралдан бери круиздик лайнерде жаңы коронавирусту жуктуруп алууга шектелип жаткан кыргызстандык менен ар дайым байланышта. Элчилик Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана Япониянын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен дайыма байланышууда.

Япониянын компетенттүү органдарынын маалыматы боюнча, кыргызстандык менен бир каютада жашаган адамдан коронавирус аныкталгандыктан, кыргыз жараны да вирусту жуктурушу мүмкүн деген шек жаралган.

Ошол эле учурда учурда кыргызстандыктын дене табынын көтөрүлүшү байкалган жок, ал өзүн жакшы сезип, учурда эч кандай дарылоого муктаж эмес жана дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Япониядагы Кыргызстандын элчилигине өлкөгө эвакуация кылуу боюнча кайрылуу түшкөн эмес.