Марал Радиосу

Алишер Абдрахманов Баткен облусуна губернатор болуп дайындалды

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Алишер Абдрахманов дайындалды. Тиешелүү буйрукка кечээ, 17- февралда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн жаңы облус башчысын облусттук аппарат менен тааныштырары күтүлүүдө.

Алишер Абдрахманов 1962-жылы 30-августа Баткен облусунун Баткен районунда туулган.

1999 -жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин юридика бөлүмүн аяктаган.