Биз менен байланышыңыз

Ат-Башыга логистикалык борбор куруу келишими жокко чыгарылды

Кыска кабар | 17 Фев 2020 | 6138 | 2

Нарындын Ат-Башы районунда кытай компаниясына аянты 200 га жерди 49 жылга ижарага берүү келишими жокко чыгарылды. Мындай чечим «Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы» компаниясынын Индустриалдык-соода-логистикалык борбордун курулушу боюнча долбоорду жабуу чечимине байланыштуу кабыл алынды. Бул тууралуу «Нарын» эркин экономикалык аймагынын (ЭЭА) башкы директору Артур Байтереков билдирди.

Учурда биз буга чейин айыл чарба жоготууларынын ордун толтуруу иретинде инвестор тарабынан төлөнгөн 43 миллиондон ашык сомду кайтаруу жөнүндө Өкмөткө кат даярдап жатабыз, — деди ал.

 

Copyright © 2017 Maral FM