Марал Радиосу

Назирбек Бөрүбаев Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды

Назирбек Бөрүбаев Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Назирбек Бөрүбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү милдетин аткарат.