Биз менен байланышыңыз

Блогер Сыдыманды милиция кармады

Кыска кабар | 17 Фев 2020 | 907 | 0

«Инстаграм» социалдык баракчасында Sydyman деген ат менен катталган блогер Элмир Сыдымановду Октябрь райондук ички иштер  башкармалыгынын кызматкерлери кармап кетти. Азыркы тапта ал Бишкек шаардык Октябрь РИИБинин тергөө бөлүмүнө жеткирилгенин аталган мекемеден билдиришти.

Блогерди кармоого анын түз эфир аркылуу элди түндүк-түштүккө бөлгөндүгү себеп болгон.

Блогер буга чейин «Инстаграм» баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, түндүк-түштүк маселесин козгоп, анын айткандары коомчулукта нааразычылыктарды жараткан.

Кийин ал өзүнүн ютуб каналы аркылуу жалпы элден кечирим сураган болчу.

Маалыматка таянсак, аны Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде милицияга чакыртышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM