Биз менен байланышыңыз

Ат-Башыдагы логистикалык борборго каршы кайрадан митинг өтүүдө

Кыска кабар | 17 Фев 2020 | 2169 | 1

Учурда Нарын облусунун Ат-Башы районунда индустриялык-соода-логистикалык комплексинин курулушуна каршы кайрадан тынчтык митинги өтүүдө. Митингге жалпы 3000 миңден ашуун адам катышып жатат.

Митингге катышкандардын бири, КРнын Эмгек сиңирген юристи Мукар Чолпонбаев дагы аталган жердин 49 жылга берилишине каршы экендигин айтып, митингге келгендер Ат-Башыда логистикалык борбордун курулушуна, Кытай тарапка жердин берилишине каршы чыгып жатканын билдирди.

«Кытайдын жарандык экспансиясы болуп жаткандыгын көрүп жатам. Мисалга алсак, ижарага деп туруп Пакистандын Хайдарабад деген жерин, Тибетти басып алды. Мына ушуларды көрүп туруп, Ат-Башынын Кытайдын анклавы болушун каалабайм. Айрым депутаттар «биз кепил болуп беребиз» деп жатышат. 49 жылдан кийин ким бар, ким жок. Биз Кытайды Кыргызстандан чыгара алабызбы? Азыртан жерибиздин бүтүндүгүн сактап калбасак, эртең кеч болуп калат. Ошону көрүп турганым үчүн митингди колдоп келдим» , — деди Чолпонбаев.

Митингдин катышуучулары аталган жерди кытайлык жеке ишкерлерге бербөөнү талап кылышууда.

Нарын облусунун Ат-Башы районунда индустриялык-соода-логистикалык комплексти куруу үчүн Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун боюнда, чек арадан 110 чакырым алыстыкта 200 гектар жер бөлүнгөн. 2017-жылы ал жерди трансформация кылуу боюнча өкмөттүн токтому чыккан. «Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы» компаниясына жер 49 жылга ижарага берилген.

Борбордун курулушу жаз айларында башталат. Логистикалык борборго жогорку технологиялык онго чукул завод-фабрикаларды салуу пландалууда. Андан сырткары, курулуш ишине миңге жакын жергиликтүү жумушчулар тартылат.

 

1 пикир

1 пикир

  1. Роза

    18.02.2020 22:24

    Мен каршымын борбор курулганга туш тарапты сатып элге бир пайдасы тийген жокко чоңдорго эле пайдасы тийбесе 49жылдан кийин кытайдын жери болуп жерди саткан кашалоттордун сөөгү сөпөт болуп кимди ким көрдү быржыбайды там басты болот

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM