Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратура шаарларга массалык каттоо боюнча билдирүү жасады

Кыска кабар | 17 Фев 2020 | 514 | 0

Акыркы убакта апрелде боло турган жергиликтүү шайлоолорго карата айыл тургундарынын Ош шаарына массалык катталуусу жүрүп жатканы айтылган болчу. Бул боюнча Башкы прокуратура билдирүү жасады.

7-февралда айрым маалымат каражаттарында Ош шаарындагы студенттер мугалимдер, факультеттин декандары тарабынан катталууга мажбурланып, паспортторун сурап жатышкандыгы жарыяланган.

Анда студенттердин катталганына акча жана окууларына жардам берилери да айтылган.

Аталган факт 8-февралда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыш-Жаза кодексинин «Шайлоочулардын добушун сатып алуу» беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Мындан сырткары, Ош шаарынын калкты каттоо жана паспорт берүү бөлүмүнүн жетекчиси Н. К.га Башкы прокуратура тарабынан шайлоо алдында калкты каттоодо мыйзам бузууга жол бербөө боюнча эскертүү берилди.

Ошол эле убакта прокуратура органдары тарабынан жергиликтүү кеңештерди шайлоодо мыйзамдуулуктун сакталышы боюнча мониторинг жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM