Биз менен байланышыңыз

Мирзиёевдин Орусияга визити июндун экинчи жарымына белгиленди

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Фев 2020 | 628 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Москвага болгон мамлекеттик визити июндун экинчи жарымына белгиленди. Мындай маалыматты ТАСС агентиги Өзбекстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Илхомжон Неъматовго таянып жазды.

«Мирзиёевдин Орусияга болгон сапары Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жакында Ташкентке болгон болгон сапарында такталып, сүйлөшүлдү» ,- деди Неъматов.

Неъматов билдиргендей, Шавкат Мирзиёевдин Москвага болгон иш сапарынын алкагында бир канча иш чаралар пландалууда, алардын арасында медиа форум өткөрүү да бар.

Эске салсак, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 5-февраль күнүнө белгиленген Москвага болгон визити токтотулган болчу. Анын сапары эмне үчүн токтотулганы, же белгисиз мөөнөткө артка жылдырганы боюнча так себеп айтылган эмес болчу.

Copyright © 2017 Maral FM