Марал Радиосу

Москвада кыргызстандык курьер толгоосу башталган аялга жардам берди (видео)

Орусиянын Москва шаарында курьер болуп иштеген кыргызстандык жигит толгоосу башталган кош бойлуу аялга жардам берди. Бул тууралуу «Baza» басылмасы жарыялады.

Кыргызстандык Мирлан Жамалдинов «Яндекс.Еда» тамак жеткирүү кызматында иштейт. Ал кезектеги буйрутманы кардарга жеткирип берүү үчүн айтылган дарекке барып, ага телефон чалган. Бирок телефон чалууга эч ким жооп берген эмес.

«Мен эшикти такылдатканда, кош бойлуу аял ачты. Ал тамак салынган баштыкты алганда, толгоосу башталып калды» , — деди Мирлан.

Ошол замат Мирлан тез жардам кызматын чакырып, аялды ооруканага жеткирүүнү сунуштаган. Бирок аял дарыгерлерди үйүндө күтүп турууну чечкен.