Биз менен байланышыңыз

Баткен бийлиги: Тажик генералы Навджувоновдун айткандары чагымчылдык

Кыска кабар | 14 Фев 2020 | 3469 | 0

Тажикстандагы Согди облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Абдулло Навджувоновдун Баткен аймагы боюнча айткан билдирүүсүнө карата Баткен облустук бийлиги расмий билдирүү таратты.

Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Кечээ кошуна өлкөнүн Согди облусунун ОИИБнын башчысы Абдулло Навджувонов кызматына киришкен алгачкы эле маалымат жыйынында «Кыргызстандын Баткен облусу жайгашкан аймак Тажикстанга тиешелүү», — деген маанайдагы билдирүү жасаган.

Буга байланыштуу Өкмөттүн Баткен облусунун өкүлчүлүгү тажик генералы Навджувоновдун айткандарын чектеш кыргыз-тажик элинин ынтымагын бузуп, элди козутуу үчүн жасалган чагымчыл аракет деп баалады.

Copyright © 2017 Maral FM