Марал Радиосу

Өкмөт башчысы түштүк облустарга барат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапары менен Жалал-Абад жана Ош облустарына барат.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы бүгүн кабарлады.

Сапардын жүрүшүндө Абылгазиев Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2019-жылы аткарган  иштерин жана 2020-жылдагы милдеттерин талкуулаган кеңейтилген коллегиясына катышат.

Мындан тышкары Өкмөт башчы Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айылындагы орто мектептин ачылыш аземине катышмакчы.