Марал Радиосу

Евробиримдик Кыргызстанга 5,7 млн евро грант бөлдү

Евробиримдик Кыргызстандын бюджетине социалдык коргоону колдоо үчүн грант түрүндө 5 млн 750 миң евро бөлдү. Транш жакынкы күндөрү Өкмөткө келип түшөт.

Маалыматка ылайык, бул акча Евробиримдик тарабынан социалдык чөйрөнү колдоо программасына бөлүнгөн 16,5 млн евронун үчүнчү жана акыркы төлөмү. Аталган долбоор 2016-жылда кабыл алынган.

ЕБ тарабынан көрсөтүлгөн колдоонун негизги максаты — калкка көрсөтүлүп жаткан социалдык жардамдын сапатын жана түрлөрүн кеңейтүү. Өзгөчө коркунуч тобуна кирген балдарга колдоо көрсөтүү, балдарды коргоо боюнча мамлекттик саясатты ишке ашыруу, андан тышкары мураскорлукту өнүктүрүү жана социалдык кызматкер кесибин өнүктүрүү.

Мындан тышкары, Евробиримдик маалымат жана техникалык жардам көрсөтөт. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жана Каржы министрлигинин кызматкерлери окутулат.

Аталган долбоор Кыргызстанда Евробиримдиктин 2014-2020-жылдарга карата «социалдык коргоону жан бюджетти колдоо» көп жылдык программасынын алкагында ишке ашырылууда. Долбоордун жалпы сумммасы 174 миллион еврону түзөт.