Марал Радиосу

НАТО Ирактагы контингентин күчөтүүнү көздөйт

НАТО уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Коргоо министрлери 14-февралда Ирактагы альянсты күчтөндүрүүнү талкуулоо үчун жолугушмакчы.

12-февралда уюмдун башкы катчысы Йенс Столтенберг Брюсселде өткөн министрлер жыйынынан соң, америкалыктар машыгып келген Ирактагы альянс ирактыктарга жардам берүүгө даяр экендигин айткан.

Бул кадам Жакынкы Чыгышта альянстын аракетин күчтөндүрүүгө чакырган Трампка жана америкалык аскерлердин чыгып кетүүсүн талап кылып жаткан ирактыктарга да жеңилдик жаратмакчы.