Марал Радиосу

Айыл чарба министрлигинин статс-катчысы Максат Ташболотов кызматынан кетти

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы Максат Ташболотов кызматынан кетти. Мындай кабарды министрликтин маалымат кызматы бүгүн, 13-февралда кабарлады.

Ал февраль айынан башында эле өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган.

Максат Ташболотов Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы кызматында 2016-жылдан бери иштеп келген.