Марал Радиосу

Нышанов Калкты тейлөө борборлорунун ыңгайсыз жерлерге курулуп жатканын сындады

Бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сайдулла Нышанов Калкты тейлөө борборлору элге ыңгайлуу жерге курулбай жатканын сынга алды.

«Эмне үчүн Калкты тейлөө борборлорун четтерге алып барып коесуздар?  Мисалы Биринчи май районунуку «Туңгуч» кичи районунан дагы ары жакта жайгашкан. Ал жакка эч кандай коомдук транспорт каттабайт экен. Муну жылдыруу мүмкүнчүлүгү барбы?» , — деп Өкмөттүн тиешелүү органдарына суроо узатты.

Мамлекеттик каттоо кызматынын орун басары Тилек Батырканов аталган көйгөй бар экендигин моюндап, Калкты тейлөө борборлорун ачуу боюнча «Инфоком» мамлекеттик ишканасы иш алып барарын айтты.

«Калкты тейлөө борборлорун ачуунун өзүнүн стандарттары бар, эң чоң маселе стандартка туура келген имараттарды табуу болуп саналат. Тендер жарыялап, имарат болгон жерден ижарага алып жатабыз» , — деди  Батырканов.

Сайдулла Нышанов тендер жарыялаганда территорияны анык көрсөтүп, элдерге шарт түзүү керектигин баса белгилеп, «Анда эртең Биринчи май районунун Калкты тейлөө борборун Ат-Башыга кургула», — деп катуу айтты.

Exit mobile version