Марал Радиосу

Кочкаров Кыргызстандын Футбол федерациясынын калыстар комитетинин төрагасы болду

Кыргызстандык футбол калысы Бахадыр Кочкаров Кыргызстандын Футбол федерациясынын калыстар комитетинин төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган федерациянын расмий сайты жазды.

Кочкаровду дайындоо боюнча чечим Кыргызстандын Футбол федерациясынын аткаруучу комитетинин отурумунда кабыл алынды.

Мындан тышкары, жолугушууда «Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясын» — «Кыргызстандын Футбол Союзу» деп атоо чечими кабыл алынды.

Федерациянын аталашын өзгөртүүнүн негизги себептери алдыдагы бир нече күндүн ичинде айтылмакчы.