Биз менен байланышыңыз

Акрам Мадумаров вице-премьер-министр болуп дайындалды

Кыска кабар | 12 Фев 2020 | 1032 | 1

Акрам Мадумаров Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалды. Буга байланышкан жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн эле Парламент Өкмөттүн чек ара иштерин көзөмөлдөгөн вице-премьер-министр кызматына көрсөтүлгөн Акрам Мадумаровдун талапкерлигин карап, жактырган. Добуш берүүгө катышкан 98 депутаттын 97си анын талапкерлигин колдоп беришсе, 1 депутат каршы добушун берген.

Copyright © 2017 Maral FM