Биз менен байланышыңыз

Нурлан Насип: Мени элге тааныткан ырдын автору дагы деле белгисиз…

Көңүл ачуу , Марал шоу | 12 Фев 2020 | 3888 | 1

— Кыргыз элинин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, хит ырлары менен көп күйөрман топтогон ырчы мырза Нурлан Насип менен маек курдук.

Саламатсызбы, Нурлан мырза!

— Марал радиосунун жамаатына жана кыргыз элиме чоң салам. Эфирди, угармандарды абдан сагыныптырмын.

— “Кызытайым” аталышындагы саундтрек жаздырдыңыз. Бул идеяны сизге ким сунуш кылды?

— Тамашоучу Эмил Эсеналиев: “Бир тууган тууралуу кино тартабыз, саундртек керек болуп жатат, сен ырдабайсыңбы” деген сунушу менен кайрылды. Алдын ала даярдаган он чакты ырдын арасында ушул темадагы ырым бар болчу. Ошентип, кинонун аталышы “Супер кудалар” болуп өзгөрүп кетти. Ал эми  чыгарманы “Кызытайым” деп өзгөртүп ырдап чыктым.

— “Менин да сүйүүм ушундай” деп ырдагансыз. Сүйүүңүз кандай болду экен?

— Көпчүлүк “Эмнеге менин сүйүүң ушундай?” — деп сурашат. Анткени менин сүйүүм ушундай деп жооп кайтарам (күлүп). Ушул ырдын обонун гастролдо жүргөндө жазгам. Ошондо досторума ырдап берсем, хит болорун айтышкан. Андан соң, сөзүн Кундуз Качкынбаева эжебизге жаздырып, ырдап калдым.

— Он жыл аралыгында жашооңузда кандай өзгөрүүлөр болду?

— Албетте, азыр заман өзгөргөн сайын ырчылар да көбөйүп, карышкыр болуп бара жатабыз. Шоу-бизнес чөйрөсүнө жаңыдан аттанып жаткан учурда Нурландын жашоого болгон көз карашы башкача болчу. Ушул мезгилге чейин чыгармачылыктын чыйыр жолунда кыйынчылыктар болду. Бирок азыр баары жакшы, өз арабабызды өзүбүз тартып жашап жатабыз. Чыгармачылыктан баар таап, үйлөнүп, дос күттүм.


Данияр Эрматов: Жубайым телефонумду текшербейт


— Дүйнөлүк деңгээлде таанылып чыгабыз деген ырчылар көп. Сиздин оюңуз кандай болду экен?

— Биздин кыргыз жыттанган ырлар дүйнөгө таанылса деген кыялым бар. Бирок ушул нерсени иш жүзүнө ашыра албай жатабыз. Албетте, бизде таланттар абдан көп. Азыркы учурда дүйнөгө таанылуу мүмкүнчүлүгү кенен. Себеби интернет айдыңын пайдаланып, чыгармаларды көптөгөн жерлерге тарата алабыз. Бирок чет тилдеги ырларды эмес, кыргыз ырларын ырдап, таанытуу керек. Ушундай улан кыздарыбыз чыкса, мен аларга башымды ийип, таазим кылмакмын.

— Ырчынын багын ачкан чыгарма болот. Сиздин багыңыздын кайсы ыр ачты?

— Кичинекей кезимде айылдан, күнүгө кечкисин досторума гитара менен “Алданба” аттуу ырды ырдап берчүмүн. Бара-бара ал чыгармамды жаздырдык. Бирок ырдын автору белгисиз эле. Кийинчирээк менин ырым деп төрт адам айтышты. Чынында, ырдын жаратуучусу ким экенинин билбейм. Ким жазса да, чоң ыраазычылыгымды билдирем. Анткени, ушул ыр менин элге таанылуума түрткү болду.

— Кино тармагынан да өзүңүздү сынап көргөн жайыңыз бар. Сунуштар болсо тасмага тартыласызбы?

— Албетте, сунуштар болсо киного тартылуу планда бар. Бирок башкача образдагы ролду жараткым келет. Кино дагы өзүнчө чыгармачылык, өнөр. Бош убакытта кинотеатрга барып турам, анткени мага кино абдан жагат жана ушул тармакка кызыгам.

— Үй-бүлөлүк жашооңуз кандай болууда?

— Кудайга шүгүр, баары сонун. Ата-энем, келинчегим, кызым менен бактылуу жашап жатабыз. Кызыбыздын күн сайын кылыктары чыгып, он айга толду.

— Маегиңизге рахмат, чыгармачылык ийгилик, үй-бүлөлүк бакыт каалайм.

— Сиздерге дагы ийгилик. Марал радиосу сиздер мыктысыздар.


Нурмат Садыров: Апамды Меккеге алып жөнөдүм


1 пикир

1 пикир

  1. Аку

    17.02.2020 12:17

    Сонун маек болуптур!Аябай таланттуу ырчы!Алдыда дагы коп ийгиликтер болсун!

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM