Биз менен байланышыңыз

ЖЭБдеги коррупция боюнча айыпталган Авазов казынага 5 млн төгүүгө даяр

Кыска кабар | 12 Фев 2020 | 1886 | 1

“Электрдик станциялар” ачык акционердик коомунун мурдагы генералдык директору Салайдин Авазов Бишкек ЖЭБди модернизациялоодо кызмат абалынан пайдаланганын мойнуна алып, мамлекетке 5 миллион сом айып төлөөгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал Бишкек ЖЭБ боюнча шаардык сотто өткөн процессте айтты.

Анын айтымында, ага ошол кездеги президенттик аппараттын жетекчилиги жана Энергетика министрлигинен кытайлык ТВЕА компаниясы менен келишимге жетишүү тапшырылган.

Өлкөнү энергокоопсуздук менен камсыздоого багытталган бул долбоор боюнча чечимге  кыска убакыттын ичинде, ошол мезгилде өтүүчү Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине чейин жетишүү милдети коюлган.

Авазов мындан улам “Электрдик станциялар” ишканасы келишимдин шарттарына, жумушту ишке ашыруучу компанияларды тандоо иштерине таасир эте албаганын белгилейт.

Буга карабастан мекеме долбоордун техникалык экономикалык негиздемесине (ТЭО) макулдук берген. Андан ары толук кандуу ТЭО талап кылынбаганы боюнча Авазов кабары жок экенин айтты.

Кыргызстандын мыйзамы боюнча ТВЕА менен түзүлгөн келишим толук кандуу ТЭОсу жок түзүлүп калганын мойнума алам. Мында менин кызмат абалымдан пайдаланган аракетимди, айыбымды да моюндайм. Бул шарттарды эске алууну өтүнөм. Ошондуктан менин аракетим менен келтирилген чыгым үчүн бөлүп-бөлүп төлөө жолу менен 5 млн сомду ордуна койгонго даярмын”, — деди Салайдин Авазов.

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда судья Ирина Воронцованын жетекчилиги менен Бишкек ЖЭБди модернизациялоодогу кылмыш иши боюнча С.Исаков, Ж.Сатыбалдиев, О.Лаврова, О.Артыкбаев, А.Калиев, С.Авазов, Ж.Назаров, Т.Бримкуловго карата сот процесси өттү.

Copyright © 2017 Maral FM