Марал Радиосу

Бишкекте жол кырсыгынан төрт адам каза болду

Бишкек шаарына караштуу Ак-Ордо конушунун Гагарин жана Урмат көчөлөрүнүн кесилишинде “БМВ” үлгүсүндөгү жана “Ниссан Примера” үлгүсүндөгү унаалар кагышып, натыйжада унаалардын кыймылдаткыч бөлүктөрү күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат бөлүмү билдирди.

Жол кырсыгынын кесепетинен 4 адам (3 эркек жана 1 аял) каза болуп, 1 адам жабыркаган.

Учурда өрттүн себеби жана каза болгон жарандардын өздүгү такталууда.