Марал Радиосу

Вице-премьер-министрлик кызматка Акрам Мадумаров сунушталды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев вице-премьерлик кызматка Акрам Мадумаровду сунуштап, учурда анын талапкерлигин парламентте көпчүлүк коалиция жана комитет карап жатат.

Акрам Мудумаров өз ыктыяры менен арыз жазып кызматтан кеткен Жеңиш Разаковдун ордуна көрсөтүлүүдө.

Акрам Мадумаров 

1977-жылы 29-июнда Баткен облусунун Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылында туулган.

Билими жогорку. 1999-жылы Кыргыз агрардык университетин «ветеринар» адистиги боюнча аяктаган, биология илимдеринин кандидаты.

Эмгек ишмердүүлүгү:

1995 – 2005-жж. – Кыргыз агрардык университети, ассистент, улук окутуучу;

2006 – 2008-жж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы, өндүрүштү жана протоколдук иш-чараларды уюштуруу бөлүмү, референт;

2008 – 2009-жж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин Түштүк резиденциясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы, директордун орун басары;

2009 – 01. 2013-жж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы, протоколдук иш-чараларды уюштуруу бөлүмү, бөлүм башчы;

01.2013 – 04.2013-ж. – Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясы, акимдин милдетин аткаруучу;

06.2017 – 09.2017-ж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Аппарат Жетекчинин биринчи орун басары;

09.2017 – 04.2019-жж. – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы, директор.

Акрам Мадумаров Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2019-жылдын 1-апрелинде дайындалган болчу.