Марал Радиосу

Президенттин төрагалыгы менен ишкердикти өнүктүрүү комитетинин II жыйыны өтөт

Бүгүн, 12-февралда президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйыны өтөт. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Комитеттин биринчи жыйынында ата-мекендик экономиканы, өзгөчө жеңил жана тамак-аш өнөр жайларын өнүктүрүү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү маселелери каралган. Биринчи жыйындын жыйынтыгы боюнча:

Комитеттин биринчи жыйынынын жыйынтыгы боюнча бизнес өкүлдөрү жана аймактардагы инвесторлор менен жолугушууларды уюштуруу, алардын учурдагы көйгөйлөрүн жана түйшөлткөн маселелерин угуу боюнча чечим кабыл алынган.

Бүгүнкү жыйында жогоруда аталган маселелер бардык кызыкдар тараптардын катышуусу менен талкууланат.

Белгилей кетсек, Комитет мамлекет менен бизнес-коомчулуктун ортосундагы пикир алмашуучу аянтча түзүү максатында түзүлгөн.

Комитет 2018-жылдын декабрында Президенттин Жарлыгы менен түзүлгөн.