Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев «Текстильтранс» компаниясынын иши менен таанышты

Кыска кабар | 11 Фев 2020 | 353 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Аблыгазиев Чүй облусуна жасаган иш сапарынын жүрүшүндө «Текстильтранс» компаниясынын иши менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы ишканага барып, фабриканын өндүрүш цехин көрдү.

Андан соң Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Токмок шаарындагы иштебей турган абалда турган «Кыргыз-кытай кагаз фабрикасы» ачык акционердик коомунун аймагына барды.

Өкмөт башчыга мүлктүк комплексти ишке ашыруунун эсебинен банкрот абалдагы кагаз фабриканын бюджеттик карызын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат беришти. Фабриканын өндүрүш имаратын ижарага алган «Текстильтранс» компаниясы мүлктүк комплексти алууга ниеттенип жатканын жана текстиль өндүрүшүнүн толук циклин уюштурууну пландап жатканын билдирди.

Учурда «Текстильтранс» компаниясынын жалпы аянты 25 миң чарчы метр болгон үч фабрикасы бар, ал жакта 550дөн ашык адам иштейт. Ишкана кездеме, трикотаж жана токулган байпактарды өндүрүү, дүңүнөн иштетүүгө адистешүүдө.

Өкмөт башчы бюджеттик карызды кайтаруу процессин тездетүү жана өлкөнүн, улутттук экономиканын экспорттук дараметин бекемдөөгө салым кошо турган, ата мекендик текстиль өнөр жайынын флагманын бири болгон текстилдик-тигүүчү «Текстиль Транс» ишканасын кеңейтүүнү колдоого жардам көрсөтүү керектигин белгиледи.

Премьер-министр жетекчилерге ишкананын бадык маселелерин чечүүнү өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырмасын берди.

Copyright © 2017 Maral FM