Биз менен байланышыңыз

Разаковдун ордуна аты аталып жаткан талапкерлер

Кыска кабар , Саясат | 11 Фев 2020 | 2900 | 1

Бүгүн президент кол койгон жарлыкка ылайык Коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелерин тескеген Жеңиш Разаков вице-премьер-министрлик кызматтан бошотулду.

Анын ордуна Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаровдун талапкерлиги каралып жатканын “Jebe.media” порталы өздүк булактарына таянып жазып чыкты.


Разаков: Үй-бүлөлүк себептерден улам кызматымды тапшырдым


Айта кетсек, Акрам Мадумаровдун «галстук тагынбайсыңар» деп мугалимдерди жемелеген видеосу интернетке тарап, коомчулуктун сынына кабылган.

Мындан сырткары, айрым маалымат булактары вице-премьерликке Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиевдин талапкерлиги каралып жатканын жазышууда.

Айта кетсек, Жеңиш Разаков вице-премьер болуп 2018-жылдын 20-апрелинен тарта иштеп, күч түзүмдөрү жана чек ара маселелерин тескеп келген.

Copyright © 2017 Maral FM