Марал Радиосу

Кабулда университеттеги жардыруудан жарандар каза болду

Ооганстан борбору Кабул шаарындагы университет имаратынын алдында жардыруу катталып, бери дегенде 5 адам каза тапты. Андан сырткары, 11 адамдын жабыркаганы айтылууда.

Ооганстандын ИИМ кызматынын расмий өкүлү Нусрат Рахим жардырууну уюштурган террорчу өзү да кошо өлгөнүн билдирген.

Жергиликтүү телеканалдардын маалыматына караганда, каза болгондордун үчөө ооган аскер кызматкерлери болсо, экөө жөн гана жай тургун болгон. Жабыркаган 11 адамдын арасында да жай тургундар бар.

Азырынча бул окуя боюнча эч кайсы террордук топ жоопкерчиликти алган эмес.