Марал Радиосу

Венгрияда акысыз билим алууга сынак жарыяланды. Программанын шарттары

Венгрия менен Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба программасынын ортосундагы макулдашуунун алкагында 2020-2021-окуу жылында акысыз билим алуу үчүн стипендиялык программага кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Окуу англис тилдүүлөр үчүн жана магистратура программасы аркылуу билимин жогорулатуучуларга багытталган.

Талапкерлер үчүн төмөндөгүдөй курстар уюштурулат:

Стипендиялык программа төмөнкү чыгашаларды камтыйт:

Программада студенттердин үй-бүлө мүчөлөрүн колдоо каралган эмес.

Тандоо эки этап менен жүргүзүлөт. Биринчи этапта БУУнун Билим берүү боюнча федералдык агенттиги талапкерлердин документтерин карап, Венгриянын Айыл-чарба министрлигине жөнөтөт. Министрлик өз кезегинде аларды талапкерлер тандаган университеттерге багыттайт. Толук тапшырылган документтер гана каралат.

Экинчи этапта талапкерлер англис тилинде жазуу же оозеки экзаменден өтөт. Программага катышып жаткан университеттер кошумча тандоо уюштуруп, ийгиликтүү катышуучуларга жыйынтыктарын маалымдайт. Талапкерлерди кабыл алуу жөнүндө чечимди университеттер гана кабыл алат.

Катышуучулар үчүн талаптар:

Талапкерлер төмөнкү документтер топтомун даярдап, REU-Scholarship@fao.org электрондук дарегине жөнөтүшү керек:

Бардык документтер англис тилинде тапшырылышы зарыл.

Кеңири маалымат бул шилтеме — http://www.fao.org/europe/news/detail-news/ru/c/1257521/