Марал Радиосу

Кант диабети менен ооруйм. Имплант койдурсам болобу?

«Бир собол» рубрикасына «Кант диабети менен ооруйм. Имплант койдурсам болобу?» деген суроо келген. Бул боюнча «Asurdent» тиш клиникасынын директору Нургазы Каримовдон жооп алдык.

— Кант диабети менен жабыркаган бейтаптарга имплант коюу опурталдуу эмеспи деген суроолорду жаратат. Аны коёр алдында канды текшерип, оорунун кайсы этабы менен жабыркап жатканын аныктоо зарыл. Анткени опреация жасаган учурда кан токтобой калышы ыктымал. Же болбосо организм имплантты кабыл албай чыгарып жибериши мүмкүн. Сөөк имплантантты кабыл алып кетсе, имплант коюуга болот. «Кант диабети менен ооругандар имплант койдура албайт» деп таргедия жасоонун кажети жок. Эндокринолог менен кеңешип, жагдайларды карап, нормага жооп берсе, инплантты койсо болот.