Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Чүй облусу социалдык-экономикалык жактан лидер болуш керек

Кыска кабар | 11 Фев 2020 | 236 | 0

Чүй облусунда ири инвестициялык, туристтик жана социалдык-экономикалык долбоорлор жүзөгө ашырылышы керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Аблыгазиев Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн коллегиясында билдирди.

Министрлер кабинетинин жетекчиси жакшы жетишкендиктер да, кемчиликтер да бар. Негизинен, облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчү орто экенин белгиледи.

Чүй облусу мен үчүн өзгөчө аймак. Менин оюм боюнча, Чүй облусу үчүн айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү жана туризм артыкчылыктуу багыт. Туристтик ишмердүүлүктү колдоо боюнча насыялык линия ачуу пландалууда. Мындан тышкары, асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө жана аны колдоого өзгөчө көңүл буруу керек. Чүй облусу бардык багыттар боюнча лидер болуу мүмкүнчүлүгү бар. Бирок, тилекке каршы, аймактын дараметин өнүктүрүү үчүн аракет жетишсиз жасалууда, — деди премьер-министр.

Өкмөт башчынын айтымында, учурдагы дараметине карабастан, Чүй облусунда болгону туристтердин 5%ы гана эс аларын айтып, быйыл финансылык жана аткаруу тартиби күчөтүлөрүн белгиледи.

Коллегияда премьер-министр республикадагы аймактарды өнүктүрүү, салык жана бажы жол-жоболорун фискалдаштыруу, мамлекеттик сатып алуулар системасындагы реформа, мамлекеттин чыгымдарын оптимизациялоо, социалдык тармакты колдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан саясат тууралуу сөз сүйлөдү.

Copyright © 2017 Maral FM