Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын отуруму өтөт

Кыска кабар | 11 Фев 2020 | 463 | 0

Бүгүн, 11-февралда саат 11:00дө Жогорку Кеӊеште Кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө боюнча түзүлгөн Жогорку Кеңештин убактылуу депутаттык комиссиясынын отуруму өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Отурумга тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү чакырылган.

2019-жылдын 21-ноябрында Жогорку Кеӊештин жыйынында кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.

«Азаттык» радиосу журналистик иликтөө жүргүзүп, 2010-жылдан баштап 2017-жылга чейинки мезгилде Кыргызстандан Айеркен Саимаити аттуу жаран «Абдыраз» ЖЧКсы аркылуу өлкөдөн 700 миллион доллар чыгарылып кеткендигин айткан.

Эскерте кетсек, Айеркен Саимаити 10-ноябрда Стамбулда атылып өлтүрүлгөн. Буга шектүү катары 4 адам кармалган. Шектүүлөрдүн арасында Кыргызстандын жарандыгын алган жарандардын бар экени айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM